Орусиянын Саратов облусунда орун алган жол кырсыгынан 46 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 1-сентябрда Совет районуна караштуу Пушкинское айылында болгон. Эки автоунаа кагышып, 46 жаштагы мекендешибиз (С.А.) «Тез жардам» кызматы келгенге чейин эле окуя болгон жерде үзүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен дагы беш кыргыз жараны (А.А., А.Р., С.М., М.Г., Т.У.) түрдүү жаракаттарды алып, Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Төрт жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө коё берилди.
Бир бейтап оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Кыргызстандын элчилиги каза болгон жарандын жакындары менен байланыш орнотуп, сөөктү мекенине жеткирүү жана зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.



