Башкы беткеКоомОш облусунда органикалык өндүрүштөн экспортко чейинки бирдиктүү чынжыр түзүлөт

Ош облусунда органикалык өндүрүштөн экспортко чейинки бирдиктүү чынжыр түзүлөт

Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда органикалык өндүрүштү өнүктүрүп, продукцияны кайра иштетүүдөн экспортко чейин жеткирген бирдиктүү система түзүлөт.

Бул тууралуу министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын аймакка болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Ал бир катар айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Сапар учурунда интенсивдүү алма жана алча бактарын өстүрүү, тамчылатып сугаруу, органикалык стандарттарга өтүү, продукцияны сактоо, таңгактоо жана экспорт маселелери талкууланды.

Ошондой эле «Азиз Ата» ЖЧКсынын 600 тоннага чейин продукция сактоочу логистикалык борборунун иши жана мөмө-жемиштерди, анын ичинде Түркияга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жыйынтыгында Араван жана Ноокат райондорунун органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө чоң потенциалы бар экени белгиленди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар