3-сентябрда саат 18:53тө Манас шаарына жакын аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Таш-Купыр айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Салам-Алик айылынан 16 чакырым түндүк-чыгышта жана Манас шаарынан 62 чакырым чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Таш-Купыр, Ара-Кел жана Салам-Алик айылдарында болжол менен 3 баллды түзгөн. Жалпы интенсивдүүлүгү 3,5 баллга жакын болгон.



