Башкы беткеСаясатКыргыз Республикасы LLDC тобунун төрагалыгын Түркмөнстанга өткөрдү

Кыргыз Республикасы LLDC тобунун төрагалыгын Түркмөнстанга өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тобунун (LLDC) элчилеринин жыйынтыктоочу жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында топтун жаңы төрагасы болуп Түркмөнстан, төраганын орун басары болуп Азербайжан шайланды. Бюронун курамына Бурунди, Чад, Руанда, Лаос жана Парагвай кирди.

Жыйында Аваза иш-аракеттер программасын мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргызстан LLDC өлкөлөрүнүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча кызматташтыкты улантарын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын миссиясы Фатима Рабабды БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана UNAMAнын башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар