Башкы беткеКоомКыргызстанда дагы 5,5 миңден ашык мыйзамсыз ташылып келген автоунаа легалдаштырылды

Кыргызстанда дагы 5,5 миңден ашык мыйзамсыз ташылып келген автоунаа легалдаштырылды

2026-жылдын июнь айынан 1-сентябрга чейин Кыргызстанда мурда чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген 5 531 автоунаа легалдаштырылды. Аларга мамлекеттик номердик белги берилди.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына караганда, легалдаштырылган унаалардын 48инин рулу оң жактан сол тарапка которулган. Калган унаалар чет өлкөлүк мамлекеттик номерлер менен жүргөн.

Муну менен Кыргызстанда чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштыруу жараяны аяктады. 1-сентябрга чейин легалдаштырылбай калган унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт жана өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин Абхазия, Армения жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул аралыкта 30 миңден ашык автоунаа мыйзамдаштырылган.

Мөөнөткө жетишпей калган унаалар үчүн кийинчерээк кошумча убакыт берилип, акыркы мөөнөт 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар