Башкы беткеКоом5 миңден ашык автоунаа мыйзамдаштырылды

5 миңден ашык автоунаа мыйзамдаштырылды

2026-жылдын июнь айынан 1-сентябрына чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген дагы 5 531 автоунаа легалдаштырылып, аларга “10” деген мамлекеттик номурдук белгилер берилди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасына караштуу Мамлекеттик каттоо борбору кабарлады.
Катталган унаалардын ичинен 48 автоунаанын рулу оң тараптан солго которулган, ал эми калганы чет элдик номур менен жүргөн транспорт каражаттары.
Мамлекеттик каттоо борбору унааларды мыйзамдаштыруу жараяны толугу менен аяктаганын кабарлайт:
Акыркы мөөнөт: 1-сентябрга чейин каттоого жетишпей калгандардын автоунаасы мындан ары легалдаштырылбайт.
Тыюу салуу: Мыйзамсыз ташылып келген, катталбаган унааларды Кыргызстандын аймагында айдап жүрүүгө тыюу салынат.
Алгач Абхазия, Армения жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин жүргүзүлүп, анда 30 миңден ашык машине катталган. Кийинчерээк үлгүрбөй калган айдоочулардын кайрылуусу менен кошумча убакыт берилип, акыркы этап сентябрга чейин узартылган болчу.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды өлкөгө ташып келүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар