Башкы беткеСаясатVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жаңы доорго жол ачты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жаңы доорго жол ачты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана аны менен катар Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммитинин уюштурулушу Кыргызстанга дүйнөдөгү ири медиалардын назарын бурду. Өлкө өзүнүн уникалдуу тарыхый-маданий мурасын сактоо менен гана чектелбестен, аны жогорку уюштуруучулук жана технологиялык деңгээлде дүйнөгө тааныта аларын көрсөттү.

Оюндардын экономикалык таасири туризм, тейлөө, соода, транспорт жана эл аралык инвестиция сыяктуу тармактарда байкала баштады.

Туристтердин агымы жана экономикалык таасир

Быйылкы Көчмөндөр оюндарына 113 өлкөнүн делегациясы катышып, 3 миңге жакын спортчу келди. Мелдештердин байге фонду 730 миң долларды түздү.

Кыргызстан оюндар маалында дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 200 миңге жакын чет элдик конокту кабыл алууда. Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги мейманканалар менен жеке сектордун жүктөмү дээрлик 100 пайызга жетти.

Туристтердин чыгымдарынын эсебинен оюндардын экономикага тийгизген таасири олуттуу экени белгиленүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 200 миң туристтин жалпы экономикалык таасири 100–120 млн доллардын тегерегинде болушу мүмкүн. Бул Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен жумшалган каражаттан кыйла жогору.

Чет элдик коноктордун баасы

Көчмөндөр оюндарын көргөн чет элдик коноктор, спортчулар, маданият өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер мелдештердин масштабына жана уюштурулушуна жогору баа беришүүдө.

UFCнин жеңил салмактагы он жолку чемпиону Валентина Шевченко «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнө берген маегинде Көчмөндөр оюндарынын улуттук баалуулуктарды сактоодогу маанисине токтолду.

«Көчмөндөр оюндары маанилүү, анткени ал — Кыргызстандын күчүн, акылын жана шамдагайлыгын чагылдырган символ. Бүгүн мунун баарын күрөш килеминен, татамиден жана ипподромдон көрүп жатабыз. Мунун баары өзүбүздүн тамырыбызды унутпоо үчүн керек», — деди спортчу.

Казакстандык блогер жана фотограф Аскар Исказиев да ачылыш аземинин масштабына таң калганын билдирди.

«Биз стадиондо болгондо, чынын айтсам, масштабына таң калдык. Менимче, бул Олимпиададан да мыкты жана дүйнөдө болуп жаткан көптөгөн ири иш-чаралардан өзгөчө», — деди ал.

Ал эми актер Марат Амираев көчмөн цивилизациясынын руханий баалуулугуна көңүл буруп, көчмөндөрдүн жаратылыш менен гармонияда жашаганын белгиледи.

Илимий жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Көчмөндөр оюндарын спорттук жана маданий иш-чара гана эмес, илимий жана академиялык диалог үчүн да маанилүү аянтча катары баалады. Анын айтымында, көчмөн цивилизациясынын мурасын изилдөө боюнча ишти күчөтүп, бул багыттагы илимий эмгектерди эл аралык коомчулукка кеңири таанытуу зарыл.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов болсо эл аралык иш-чаралардын натыйжасында түзүлгөн саясий жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү экономикалык долбоорлорго айландыруу керектигин белгиледи.

Анын пикиринде, Кыргызстан чет элдик инвесторлорду тартууга, Бишкектин Борбор Азиядагы дипломатиялык аянтча катары ролун бекемдөөгө жана өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө басым жасоого тийиш.

«Бир нече күндүн ичинде Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн дипломатиялык жана маданий жүзүн көрсөттү. Эми үчүнчү багытты — заманбап, технологиялык жана экономикалык жактан күчтүү Кыргызстанды калыптандыруу зарыл», — деп жыйынтыктады Феликс Кулов.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө, жүз миңдеген туристтерди тартууга жана дүйнөлүк аренада ишенимдүү өнөктөш катары өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жөндөмдүү экенин айгинеледи. Эми бул мүмкүнчүлүктөрдү узак мөөнөттүү экономикалык натыйжага айландыруу маанилүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар