Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Документ эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык дараметин өстүрүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо максатын көздөйт.
Жарлыкка ылайык, төмөнкү негизги чечимдер кабыл алынды:
«Кыргыз Шахмат Союзу» бирикмесинин демилгеси менен Улуттук шахмат академиясы түзүлөт.
Жогорку натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга мамлекеттик колдоо чаралары белгиленди. Ал эл аралык мелдештерге жана машыгуу жыйындарына катышууну, керектүү инвентарь сатып алууну жана кесиптик өнүгүүнү каржылоону камтыйт.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-июнундагы №196 Жарлыгы менен өлкөдө шахматты өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыты катары бекитилген. Анын алкагында тармактын заманбап базасын түзүү жана спортту популярдаштыруу үчүн Президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүнүп, Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлгөн.



