Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулду.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2024-жылдын ноябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү.
Долбоорго ылайык, заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын жалпы аянты 1 791 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, эмгек сабактары үчүн класстар, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы бар.
Жаңы мектептин ачылышы айылдагы балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган.



