Башкы беткеКоомОш шаарында биринчи класска 2,2 миңге жакын бош орун бар

Ош шаарында биринчи класска 2,2 миңге жакын бош орун бар

Кыргызстандын мектептерине 2026/2027-окуу жылына карата 143,3 миң бала биринчи класска катталды. Республика боюнча биринчи класстар үчүн жалпы 193,3 миң орун каралган. Учурда 50 миңге жакын бош орун бар.

Бишкекте 25,4 миң бала катталып, мектептерде 990га жакын бош орун калган. Ош шаарында 10,6 миң бала катталып, 2,2 миңге жакын орун бош турат.

Электрондук каттоонун биринчи этабы микроучасток боюнча жүргүзүлгөн. Учурда ата-энелер бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.

Кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке ден соолук жана эмдөө тууралуу медициналык маалымкаттардын түп нускасын тапшырышы керек.

2026/2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар