Ош шаарындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушун текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы М. Артыков көчөсү, 38 дарегинде курулуп жаткан турак жайдын беш блогун текшерген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш ченемдери, техникалык регламенттер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн “Ригел” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу жана курулуш иштерин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Департамент курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана коопсуздук нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантарын билдирди.



