Талас шаарында 10 жана 11-сентябрда борбордук базар жана бир катар соода жайлары убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө санитардык иштерге байланыштуу киргизилүүдө.
Эки күнгө кийим-кече, курулуш материалдары жана автоунаа тетиктери сатылган дүкөндөр, дөңгөлөк оңдоочу жайлар жана башка соода түйүндөрү жабылат.
Ошол эле учурда кафе-ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар жана азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей берет.
Мэрия шаар тургундарын зарыл болгон товарларды алдын ала сатып алууга чакырды.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өтөт. Ага дүйнөгө белгилүү артисттердин катышуусу күтүлүүдө.



