Башкы беткеМинистрлер кабинетиКытайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү

Кытайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү

Кытайда «Борбордук Азия – Кытай» форматында ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусу өттү. Ага Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.

Жолугушууда тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарынын практикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Улан Ниязбеков мамлекеттер ортосунда экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты да күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.

Министр трансулуттук кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана киберкылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы күрөштө ыкчам маалымат алмашуу жана тыгыз өз ара аракеттенүү маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкка көңүл бурулду. Улан Ниязбеков 1-сентябрда Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин маанисин белгиледи.

Сапардын алкагында делегациялар Фучжоу шаарындагы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган окуу борборунун ачылыш аземине катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар