Башкы беткеКоомНепалда суу ташкынынан каза болгондордун урматына аза күтүү күнү өтүүдө

Непалда суу ташкынынан каза болгондордун урматына аза күтүү күнү өтүүдө

Непалда 26-августта Бхоте-Коши дарыясында болгон суу ташкынынан каза болгондордун урматына аза күтүү күнү өтүп жатат. Кырсыктан 1,3 миңден ашуун адам каза болгону айтылууда.

Өлкөдө мамлекеттик мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында мамлекеттик желектер түшүрүлдү. Жергиликтүү тургундар храмдарга барып, кырсыктан жабыркагандар жана дайынсыз болуп жаткандар үчүн дуба кылууда.

Табигый кырсыктан 32 миң үй-бүлө турак жайсыз калып, 7,5 миңге жакын үй талкаланган. Непалдын борбордук бөлүгүндөгү жолдор жана башка маанилүү инфраструктуралык объектилер да олуттуу зыянга учураган. Учурда 5 миңге жакын адам, анын ичинде 589 чет өлкөлүк жаран дайынсыз болуп эсептелет.

Кырсыктан келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 2,56 миллиард долларга бааланууда.

Эске салсак, 26-августта Непалда муз жана таш аралаш көчкү түшүп, анын кесепетинен Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Сел бир нече калктуу конуштарды, жолдорду жана гидроэнергетикалык объектилерди талкалаган. Ошондой эле сел Тибет автономиялуу районунун Гьирунг уездиндеги чек ара өткөрмө пунктун да алып кеткен.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кытай тараптын алдын ала маалыматына таянып, Тибетте жана Непалда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар