Башкы беткеКоомКыргызстан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди экспорттойт

Кыргызстан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди экспорттойт

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ата мекендик мөмө-жемиштерди Кытай рыногуна экспорттоого мүмкүндүк берген фитосанитардык протоколго кол коюлду.

Документке ылайык, кыргызстандык өндүрүүчүлөр жаңы терилген малина, кара бүлдүркөн жана карагатты Кытайга расмий экспорттой алышат.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти экспортко багытталган, жогорку түшүмдүү жана ташууга ыңгайлуу сортторду сунуштады. Алардын арасында малинадан Enrosadira, Shehiba, Polonez, кара бүлдүркөндөн Loch Ness, Natchez, карагаттан Золотистая смородина, Tiben жана Tisel сорттору бар.

Адистердин маалыматына караганда, бул сорттор мөмөлөрүнүн бекемдиги жана транспортабелдүүлүгү менен айырмаланып, ташуу жана сактоо учурунда сапатын, даамын жана товардык көрүнүшүн жакшы сактайт.

Сорттор тууралуу кеңири маалымат жана консультация алуу үчүн департаменттин башкы агроному Нурубек Малабаевге кайрылса болот: +996 559 220 381.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар