Башкы беткеКоомҮч облуста ветеринардык дарыканалар текшерилди

Үч облуста ветеринардык дарыканалар текшерилди

Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик кызматтар билдирди.

Текшерүүдө ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын тиешелүү реестрлерге катталуусу, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышы каралды.

Мониторингдин жүрүшүндө айрым дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык препараттардын агрохимикаттардан өзүнчө талапка ылайык сакталбаганы аныкталды.

Кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды жоюу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар