Башкы беткеКоомБишкекке эл аралык туристтик поезд келди

Бишкекке эл аралык туристтик поезд келди

Күн мурун, 6-сентябрда Бишкек шаарына Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык, Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик ишкананын өкүлдөрү чет өлкөлүк конокторду салтанаттуу тосуп алышты.
“Темир жол бекетинин аймагында элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, анда туристтер шырдактарды, кийизден жасалган буюмдарды жана кыргыз элинин салттуу тиричилик буюмдарын көрө алышты. Бул конокторго кыргыз элинин салт-санаасы менен жакындан таанышып, кыргыз элинин меймандостугунун атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк берди”, – деп айтылат маалыматта.
Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер Бишкектин негизги кооз жерлерин кыдырып, шаардын тарыхы, архитектурасы жана заманбап жашоосу менен таанышты.
Поезддин курамында 11 заманбап, ыңгайлуу вагон бар. Алар менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун турист келди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар