Башкы беткеМинистрлер кабинетиПенсия 1-октябрдан тарта жогорулайт

Пенсия 1-октябрдан тарта жогорулайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө” токтомуна кол койду.

Токтом Президенттин 2026-жылдын 10 – августундагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 000 (он миң) сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болбойт деп белгиленди.

Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар