Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-сентябрда Борбордук Азия–Франция достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё жетектеген Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурушту.

Француз делегациясы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы, ошондой эле ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Кулубаев өз кезегинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ишинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына француз командасынын катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде санкциялык чараларга карата Кыргызстандын позициясы жана тышкы соода операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар да талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар