“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган реформа ишке ашырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде 100 күндүк программанын жыйынтыгы чыгарылган учурда маалым болду.
Эми чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун системасына дистанциялык түрдө катышып, ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, ошону менен өлкөдөн тышкары жүрүп да өзүнүн пенсиялык укуктарын түзө алышат. Буга чейин системада катышуу үчүн олуттуу административдик тоскоолдуктар бар болчу. Салык төлөөчүн Кабинетине кирүү үчүн аймактык салык органына жеке өзү кайрылуу керек болчу. Мындан тышкары, банктык карта аркылуу ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн дистанциялык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү жок болчу, ал эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук кол тамганы мобилдик телефондун номерисиз алуу мүмкүн эмес эле.
Жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында бул чектөөлөр жоюлду. Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына эми мобилдик «Түндүк» тиркемеси аркылуу мобилдик телефондун номерин колдонбостон катталууга жана электрондук кол тамга алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Салык төлөөчүнүн Кабинетине дистанциялык кирүү камсыздалып, анда ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну тариздөөгө жана тиешелүү камсыздандыруу полисин сатып алууга болот.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү – ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банктык карта аркылуу дистанциялык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү. Ошентип, негизги кызматтарды алуу үчүн жарандарга мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылуунун кереги калган жок.
Реформанын негизги натыйжасы – мамлекеттик пенсиялык кызматтар кайсы жерде болбосун кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болду. Эмгек мигранттары административдик процедураларды өтүү үчүн Кыргызстанга кайтып келбестен эле өз алдынча пенсиялык укуктарын түзүп, карыганда татыктуу камсыз болууга кам көрүү мүмкүнчүлүгүн алышты.



