Бишкек шаарындагы Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин негизги курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Алардын бири Өскөн-Ордо конушунда курулган мектеп болуп саналат. Бул мектеп конуштагы алгачкы билим берүү мекемеси болот.
Учурда мектептин негизги курулуш иштери аяктап, имаратта ички жана тышкы жасалгалоо, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорго ылайык, окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлгөн үч кабаттуу мектеп имараты курулду.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.



