“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үчүнчү реформа медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү процессин жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешменин жүрүшүндө “Өкмөттүк акселераторлор” аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Буга чейин лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылып, документтерди кагаз түрүндө тапшыруу талап кылынчу. Айрыкча бул аймактардагы ишкерлер үчүн татаалдык жаратчу, анткени алар Бишкекке бир нече жолу келишүүгө аргасыз болушчу.
Мындан тышкары, процесс кошумча документтерди жана маалымкаттарды чогултууну да карайт эле. Аткарылган иштин натыйжасында лицензиялоо процесси санариптик форматта жүргүзүлө баштады. Эми Кыргызстандын каалаган аймагындагы ишкерлер онлайн арыз, зарыл документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызын кароонун жүрүшүн Саламаттык сактоо министрлигине барбастан эле көзөмөлдөй алышат.
Бул үчүн «Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, өнөр жайдык пайдаланууга берилди.
Реформанын негизги жыйынтыктарынын бири – лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды. Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк жаатында болжол менен 450 лицензия жана ага тиркемелер, ал эми фармацевтикалык жаатта – болжол менен 900 лицензия берилет.
Ошентип, реформа ишкерлердин административдик жүгүн олуттуу түрдө азайтууга, кагаз документ жүгүртүүнү кыскартууга жана мамлекеттик кызматты өлкөнүн бардык аймактарындагы бизнес субъекттери үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди.


