Башкы беткеМинистрлер кабинетиМамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык ЖОЖдордун лицензиялары токтотулду

Мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык ЖОЖдордун лицензиялары токтотулду

Мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калган медициналык жогорку окуу жайлардын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 24.kg агенттигине билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 7-сентябрдан тартып тиешелүү окуу жайларга буйрук таанышып чыгуу жана кол коюу үчүн бериле баштады.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларга бардык студенттер бөлүштүрүлгөн.

Министрликтен медициналык ЖОЖдорду кайрадан аккредитациядан өткөрүү каралганын, бирок учурда бул жараян баштала электигин билдиришти. Аны өткөрүү мөөнөтү азырынча белгисиз.

Эске салсак, Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдоону 34 жогорку окуу жайы жүргүзүп келген. Алардын 12си мамлекеттик, 22си жеке менчик окуу жай болгон. Мыйзамга ылайык, алардын ичинен үч ЖОЖ мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш эмес болчу.

Аккредитациядан өтүү үчүн 24 билим берүү уюму гана арыз берген. Анын жыйынтыгында 13 медициналык ЖОЖ мамлекеттик аккредитациядан өтө албай, студенттерди окутууну улантуу укугунан ажыраган.

Учурда Кыргызстанда медициналык билим берүүгө укугу бар 14 жогорку окуу жайы калды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар