Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Кипр мамилелерди чыңдоо маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Кипр мамилелерди чыңдоо маселесин талкуулады

Күн мурун Кипр тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбостун ортосунда телефондук сүйлөшүү болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары, кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар