Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери жана эки өлкөнүн аймактык, эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.
Эки министр алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын, иш-чаралардын планын карады.
Жээнбек Кулубаев кесиптешин Казакстандын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгилик каалады.



