Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын алкагында жетишилген макулдашууларды конкреттүү экономикалык долбоорлорго жана соода-экономикалык кызматташтыкка айландыруу маселеси талкууланды.

Негизги көңүл Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоого бурулду. Тараптар кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен пакистандык импорттоочулардын түз байланыштарын түзүү, эки тараптуу соода көргөзмөлөрүн өткөрүү жана товарларды жеткирүүнүн көлөмү менен шарттарын аныктоо зарылдыгын белгилешти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын төө буурчак боюнча жылдык экспорттук потенциалы 50 миң тоннадан ашат. 2025-жылы бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмү 67 млн долларды түзгөн.
Ошондой эле жакынкы эки жылда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүү максаты коюлган. Бул үчүн кыргыз айыл чарба продукцияларын Пакистан рыногуна чыгаруу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү макулдашылды.



