7–9-сентябрда Дубай шаарында өткөн AIM Congress 2026 эл аралык инвестициялык форумунда «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) өнөктөш катары катышып, долбоорун Перс булуңундагы өлкөлөрдүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнө тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Кыргызстандын делегациясын «Тамчы» АФИАсын башкаруу боюнча кеңештин төрагасы Аяз Баетов жетектеди. Форумдун алкагында БАЭнин мамлекеттик органдарынын, эл аралык финансылык борборлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, Борбор Азия менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши (GCC) алкагындагы байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле финансылык борборлор менен кызматташууну жолго коюу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, эл аралык компанияларды Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы инвестициялык долбоорлорго тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Форумда «Тамчы» АФИАсынын укуктук жана институционалдык модели тууралуу да маалымат берилди. Анда англиялык жалпы укуктун принциптерине негизделген укуктук чөйрө, көз карандысыз жөнгө салуу жана сот системасы, санариптик башкаруу жана атайын салык режими каралган.
AIM Congress 2026 форумуна дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 15 миңден ашык өкүл катышты.



