Кечээ, 8-сентябрда Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды.
Сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхынын маанилүү мезгилдерине арналган экспозициялар жана кыргыз элинин материалдык жана руханий маданий мурастары менен таанышты.
Конокторго кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, каада-салтын, үрп-адаттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган тарыхый жана маданий баалуулуктар көрсөтүлдү.
Экскурсия соңунда Альберт Рангаи Чимбинди музейдин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын бай тарыхый жана маданий мурасына жогору баа берди.
Зимбабве делегациясынын музейге барышы Кыргыз Республикасына болгон расмий сапардын маданий программасынын алкагында өтүп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.



