Башкы беткеДүйнөБУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясы ачылды

БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясы ачылды

БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясы 8-сентябрда Нью-Йоркто расмий ачылды. Жыйынга Башкы ассамблеянын жаңы төрагасы Халилур Рахман төрагалык кылды.

Ал ачылыш аземинде БУУ маанилүү мезгилге кадам таштаганын белгилеп, уюмдун көптөгөн жетишкендиктери менен катар олуттуу чакырыктарга да туш болуп жатканын айтты.

Анын айтымында, дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар адамдарга чоң азап алып келүүдө, өнүгүү жаатындагы жетишкендиктер жетишсиз жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери күчөп жатат.

Халилур Рахман БУУга жана көп тараптуу кызматташтыкка болгон ишенимди калыбына келтирүү 81-сессиянын негизги милдети экенин белгиледи. Бул максат диалогду күчөтүү, кызматташтыкты жандандыруу жана конкреттүү натыйжаларга жетишүү аркылуу ишке ашырылары айтылды.

Быйылкы сессиянын темасы – «Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: бардыгы үчүн иштеген БУУ» деп аталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар