Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 275 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка 111 млн сом жумшалган.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы корпустун жалпы аянты 1975 чарчы метрди түзөт. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда окуу класстары, китепкана, лаборатория жана жыйындар залы каралган. Мындан тышкары, окуучулар үчүн жайкы машыгуу аянтчасы да жасалды.
Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн.
Жаңы корпус окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилип, мектепте эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.



