Ош юстиция башкармалыгынын начальниги, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Уларбек Абдыкадырович Жунусов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Юстиция министрлиги билдирди.
Уларбек Жунусов 1981-жылдын 25-апрелинде Өзгөн шаарында туулган. Ал Кыргызстан Эл аралык университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча бакалавр жана магистр даражалары менен аяктаган.
Эмгек жолун 2001-жылы Конституциялык сотто консультант болуп баштаган. Кийин прокуратура органдарында, Мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңеште жана Сот департаментинин системасында ар кандай кызматтарда иштеген.
Жунусов кесиптик ишмердигинин көп бөлүгүн юстиция органдарына арнап, Ош шаардык юстиция башкармалыгында жардамчыдан жетекчинин орун басарына чейин иштеп, 2021-жылдын декабрынан бери башкармалыкты жетектеп келген.
Юстиция министрлиги анын жогорку квалификациялуу адис, принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү жетекчи болгонун белгиледи. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана юстиция тармагына кошкон салымы үчүн министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Юстиция министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.



