Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, өз ара соода, транспорттук жана энергетикалык инфраструктура, ошондой эле санариптик интеграция боюнча 48 маселе каралды. Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге өскөн.
Жыйында Кыргызстандын транспорт тармагындагы бир катар долбоорлору ЕАЭБдин артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмесине киргизилди. Алардын арасында «Луговой – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү, «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад» темир жолун куруу жана Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоорлору бар.
Ошондой эле «Чыгыш – Батыш» жана «Түндүк – Түштүк» багыттарындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси менен байланыштыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда соода жүргүзүү эрежелерин өркүндөтүү, интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүү жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.




