Башкы беткеМинистрлер кабинетиКасымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө карата объектилердин даярдыгын текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө карата объектилердин даярдыгын текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгын текшерди.

Ал аймактагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын ишке кирүүгө даярдыгы менен таанышты.

11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Таласта бир катар объектилер ачылат. Ошондой эле өлкө боюнча онлайн форматта 105 социалдык объект жана 60 ишкана ишке киргизилет.

Касымалиев Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар