Башкы беткеМинистрлер кабинетиДанияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды

Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды

Алмаз Айылчиев Кыргызстандын юстиция министри болуп дайындалды. Аны министрликтин жамаатына Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Маалыматка ылайык, Айылчиевди дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Амангелдиев Юстиция министрлигинин мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мыйзам долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү жана жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүдөгү ролун белгиледи.

Ошондой эле юстиция тармагындагы реформаларды улантуу жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү маанилүү экенин айтты.

Ал жаңы министрге кызматында ийгиликтерди каалап, президенттин ага көрсөткөн ишенимин актоо маанилүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар