Башкы беткеМинистрлер кабинетиОштун Савай-Арык айылында жаңы бала бакча курулду

Оштун Савай-Арык айылында жаңы бала бакча курулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 60,9 миллион сомду түздү.
Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, бала бакча бөбөктөрдү кабыл алууга даяр.
“Жаңы бала бакча заманбап үлгүдө курулуп, анда балдар үчүн бардык шарттар каралган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, бала бакчанын айланасына балдардын коопсуздугун эске алуу менен оюн аянтчасы курулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар