Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар өтүүчү объектилердин даярдыгын текшерди.
Текшерүүгө “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана энергетика тармагынын адистери катышты.
К. Нуржанов атындагы аллеяда, “Акылман” Президенттик лицейинде, “Манас Ордо” улуттук комплексинде, «Баластан» балдар борборунда жана Талас шаарынын борбордук аянтында электр энергиясы менен камсыздоо системасынын даярдыгы каралды. Ошондой эле резервдик электр булактары текшерилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Облуста майрамдык иш-чаралар учурунда электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо үчүн 12 резервдик генератор даярдалды. Мындан тышкары, энергетиктердин ыкчам жана көчмө бригадалары күнү-түнү нөөмөттө иштейт.
Жалпысынан 200дөн ашуун адис электр тармактарынын жана жабдууларынын ишин көзөмөлдөп, майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде кызмат өтөйт.
Министр текшерүүнүн жыйынтыгында майрамдык иш-чараларга тартылган бардык объектилерди электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону тапшырды.



