Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төрт социалдык объект пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Алардын катарында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү жаңы Жаш техниктер станциясы бар. Жалпы аянты 2 563 чарчы метр болгон беш кабаттуу имаратта окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, музей, астрономиялык обсерватория, конференц-зал, бий жана спорт залдары жайгашкан. Ошондой эле автомодель спорту жана картинг үчүн аянтчалар, воркаут-зонасы каралган.

«Биримдик-Кут» жаңы конушунда 280 орундуу бала бакча ачылды. Эки кабаттуу имарат 12 топко ылайыкталып, анда оюн жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорт залдары, медициналык кабинет, ашкана жана башка керектүү жайлар бар. Аймагында тогуз оюн аянтчасы жабдылган.

Жибек Жолу проспектисиндеги №23 мектептин жаңы имараты 700 окуучуга ылайыкталган. Үч кабаттуу имаратта окуу жана компьютердик класстар, лабораториялар, китепкана, медициналык блок, ашкана, актовый жана спорт залдары жайгашкан. Мектептин аймагында спорттук аянтчалар жана воркаут-зонасы курулган.

Мындан тышкары, 5-кичи райондогу №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди. Анда окуу класстары, спорт жана актовый залдар, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ыр сабактарына арналган кабинеттер каралган.

Жаңы корпустун аймагында кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зонасы жана 100 метрлик чуркоо жолу бар.

Төрт объектинин тең курулушуна Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы буюртмачы болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар