Башкы беткеПрезидентМайрамбек Таалайбеков Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча глобалдык форумга катышты

Майрамбек Таалайбеков Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча глобалдык форумга катышты

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Майрамбек Таалайбеков Кытайдын Ляньюньган шаарында өткөн коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча Глобалдык форумга катышты.

Кыргызстандын делегациясынын курамына Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Президенттин алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилери кирди.

Форумдун алкагында Майрамбек Таалайбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин орун басары Ци Яньцзюнь менен жолугушту. Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздукка жаралган учурдагы чакырыктар менен коркунучтарды талкуулап, аларды алдын алуу боюнча тажрыйба алмашты.

Ошондой эле быйыл Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ишин баштай турганы белгиленди.

Мындан тышкары, жолугушууда санариптик технологиялар жана маалымат жаатындагы кызматташтык маселелери каралды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар