Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Зимбабве алгачкы саясий консультацияларды өткөрдү

Кыргызстан менен Зимбабве алгачкы саясий консультацияларды өткөрдү

Бишкекте Кыргызстан менен Зимбабвенин тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттү. Жолугушуу 7-сентябрда болуп, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин тарыхында биринчи жолу уюштурулду.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, Зимбабвенин делегациясын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Р. Чимбинди жетектеди.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Айрыкча соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, геология, туризм жана санариптештирүү тармактарында тажрыйба алмашууга көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан менен Зимбабвенин 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайланышына байланыштуу аталган кеңештин алкагындагы кызматташуу маселеси каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууга, консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар