Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды татыктуу адамдарга берүү маанилүү экенин айтты

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды татыктуу адамдарга берүү маанилүү экенин айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды берүү системасын иретке келтирүү, анын адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында мыйзам жаңыртылганын билдирди. Ал бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде айтты.

Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланып кабыл алынгандан кийин, быйыл 21-апрелде ага кол коюлган.

“Мыйзам аркылуу сыйлык берүү системасы жаңыртылып, мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылдык. Жаңы мыйзамге ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктуу адамга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет.
Кайсы тармакта болбосун, татыктуу инсандарды колдон келишинче өз убагында баалоо – бүтүндөй коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Бул – жаш муундарга бериле турган эң сонун стимул. Айрыкча, жаштарыбыз бүгүнкү залда отурган эл сыймыктарын көрүп, “ак ниет эмгек эч качан жерде калбайт экен” деген ишеним менен өз ишине мындан да берилип иштөөгө күч-кубат алышат”, – деди Президент.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар