Башкы беткеМинистрлер кабинетиОш облусунда эки соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ош облусунда эки соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ош облусунда мөмө-жемиштерди сактоо, тоңдуруу жана сатууга даярдоо үчүн эки соода-логистикалык борбор пайдаланууга берилди.

Объекттер “Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылды.

Кеңеш айылында “Эко Азык” ЖЧКсынын мөмө-жемиштердин кошумча нарк чынжырына багытталган борбору, ал эми Төлөйкөн айылында “Азия Органикс” ЖЧКсынын продукцияны шоктук тоңдуруу жана сактоо борбору ишин баштады.

Жаңы борборлор айыл чарба продукциясынын түшүм маалындагы коромжусун азайтып, мөмө-жемиштерди узак убакыт сактоого шарт түзөт. Ошондой эле фермерлер үчүн продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгү кеңейип, кайра иштетилген продукцияны экспорттоого жол ачылат.

Долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Экономика жана коммерция министрлиги жана Финансы министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар