Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, кесиптик ишмердигинде олуттуу натыйжаларга жетишкен, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, сөз сүйлөдү.

“Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу сыйлык ээлери жана бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!
Элибиздин эмгекчил жана мекенчил жарандары ар дайым мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ак ниеттен мээнет кылып, ар тармакта интеллектуалдык жана руханий ачылыштарды жаратып келишет.
Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө, тигил же бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууда өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел.
Мамлекеттик сыйлыктардын түпкү философиясы да мына ушунда. Сыйлык – бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарына карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы!
Залда отурган биздин каармандарыбыз ушул айтылган сөздөрдүн тирүү далили болуп, күн сайын өз ишине берилип, адамдык жана жарандык бийик парзын өтөшүүдө.
Биз бүгүн өлкөнүн өнүгүүсүнө жан үрөп салым кошкон инсандарыбызды улуттук деңгээлде таануу, баалоо жана аларга терең таазим этүү үчүн чогулуп олтурабыз.
Эң алды улут сыймыгына айланган сыйлык ээлерин чын дилимден куттуктаймын! Сыйлыгыңыздар кут болсун!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Өзүңүздөргө белгилүү, сыйлык берүү системасын иретке келтирүүгө, адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачык-айкындыкты орнотууга багытталган тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кылдат талкууланып, электен өтүп кабыл алынгандан кийин, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде ага кол койдум.
Мыйзам аркылуу сыйлык берүү системасы жаңыртылып, мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылдык. Жаңы мыйзамге ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктуу адамга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет.
Кайсы тармакта болбосун, татыктуу инсандарды колдон келишинче өз убагында баалоо – бүтүндөй коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Бул – жаш муундарга бериле турган эң сонун стимул. Айрыкча, жаштарыбыз бүгүнкү залда отурган эл сыймыктарын көрүп, “ак ниет эмгек эч качан жерде калбайт экен” деген ишеним менен өз ишине мындан да берилип иштөөгө күч-кубат алышат.
Кадырлуу мекендештер!
Сөз баккан кыргыз элинде “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар. Арабыздан эрте кетип, бирок артына өчпөс из калтырган залкарларыбыздын кылган кызматы, сиңирген эмгеги али күнчө элдин эсинде.
Бүгүн дин илими менен агартуучулукту эң сонун айкалыштырган, калың элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Чубак ажы Жалиловго, ырдын пири атыккан Рыспай Абдыкадыровго эң жогорку мамлекеттик сыйлык ыйгаруу тууралуу кабыл алынган чечимдин негизинде алардын жакындарына сыйлыктарын тапшырабыз.
Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө, ал эми жасаган эмгектери кыргыз тарыхына алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды.
Эки доорду көрүп, эки доордо тең элине кызматы өткөн, бүгүн да талыбаган кайраты менен мал чарбачылыгына жаңылык киргизип, жаратман иштер менен алек болгон Таштанбек Акматов атабыздын, жарым кылымдык өмүрүн кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө жумшап, элдик мугалим атанган Бектур Исаков агайыбыздын кыргыз элинин даңктуу атуулдары катары ар дайым сый-урматка татыктуу экенин баса белгилейм.
Кадырлуу замандаштар!
Бүгүн кесибин сүйүп, өз тармагынын майын чыгара иштеген жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор таасир тийгизген замандаштарыбыздын дагы айрымдарына азыноолак токтоло кетейин. Анткени бул инсандардын ар биринин өмүр жолу – биздин замандын жандуу санжырасы, улутубуздун бийик руху десем жаңылышпаймын.
Көзүн көрүп мактагандык эмес, бул залда отурган чыгаан кыл калем чебери Саттар Айтиев агабыз – атанын чыныгы уулу. Сиз залкар Гапар Айтиевдин көчүн татыктуу улап, полотнолордо кыргыздын дүйнө таанымын, психологиясын, кайталангыс пейзажын түбөлүккө мөөр кылып бастыңыз. Бүгүнкү берилип жаткан жогорку сыйлык — Сиздин кыргыз маданиятына сиңирген көп жылдык талыкпас эмгегиңиздин адилеттүү баасы жана мамлекеттин терең ыраазычылыгы!
Бүгүн төрүбүздө симфониялык жана камералык чыгармалары чет өлкөлөрдө жаңырган, эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон ондогон кино жана спектаклдерге музыка жараткан Муратбек Бегалиев агабыз отурат. Анын көкүрөгүнө уюп, жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан музыкалык композицияларынан улуттун деми, эгемендиктин үнү туюлат.
Улуттук педагогиканын чыгааны, профессор Акматали Алимбековдун эмгеги – жаркын келечегибиздин пайдубалы. Унутта калып бара жаткан этнопедагогикабызды терең изилдеп, ата-бабаларыбыздын улуу нарк-насилин заманбап илимге айлантып жатасыз. Сиздин өрнөктүү өмүрүңүз – эл агартуунун эң бийик үлгүсү!
Көркөмдүк деңгээли бийик чыгармалары менен айырмаланган, коомдогу көрүнүштү акындын көзү менен көрүп, жүрөгү аркылуу өткөргөн калемгер Анатай Өмүрканов менен элибиздин улуттук музыкалык маданиятын дүйнөгө таанытууга олуттуу салым кошуп келаткан Саламатхан Садыкова – чынында эле эл сыймыктары.
Мен Мамлекеттик катчыга ар дайым кыргыз маданиятынын кайра жаралуусуна өзгөчө кам көрүшүбүз керектигин айтып келем. Таланттуу жаш муун өкүлдөрүн колдоп-коштоого тийишпиз.
Мына ушундай кийинки муундардын ичинен бүгүнкү күндө суурулуп чыгып, маданият жана театр режиссурасынын жаңы демин чагылдырган Уланмырза Карыпбаевдин эмгегине бүткүл элибиз, анын ичинде мен дагы кубануу менен көз салып келем. Уланмырза жаш болсо да, өзгөчө таланты менен кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлге көтөрүүдө. Мындан аркы чыгармачыл жолуң байсалдуу болсун, иним!
Вакциналарды муздаткычсыз сактоонун жана ташуунун инновациялык ыкмасын иштеп чыккан Асель Сартбаева менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат. Дүйнөдө химиялык технология жаатындагы эң абыройлуу сыйлыктарга арзыган кызыбызды мамлекет ар дайым колдоп алууга даяр. Азыр өлкөбүздүн билим, илим тармагын өнүктүрүүдө силердей жаш илимпоздорго эшигибиз ачык. Ишиң ийгиликтүү болсун, карындашым.

Ардактуу агайын-туугандар!
Өз заманында кыргыз музыкасынын өзгөчө өнүккөн доорунун өкүлдөрүнүн сап башында турган Түгөлбай Казаковдун Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка “Боз жорго” күүсү арзыды. Бул мамлекеттик сыйлыкка Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган тарыхый документалдуу 4 сериялуу киноэпопеясы менен Тилек Абдыкадыр, «Бет-Алман» тарыхый-даректүү романы менен Ишен Айтмамбетов дагы татыктуу деп табылды.
Ошону менен катар журналистиканын дыйканы, көптөгөн калем ээлеринин устаты Тилектеш Ишемкулов, кыргыз калкынын улуттук иденттүүлүгүн бекемдөөдө жигердүү иш алып барып, жалпы элдин колдоосуна арзыган Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөбүздүн кардиохирургиясынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон Сейткан Жошибаев жана башка ысымдары аталбай калган түрдүү тармактын мыктылары — заманыбыздын чыныгы каармандары!
Мына ушул аттары аталган инсандар жана салтанатка катышып жаткан башка тармактар боюнча сыйлык алган замандаштар, сиздер дагы дал ушундай эле бийик урматка, чоң баага татыктуусуздар. Баарыңыздарга убакыттын тартыштыгынан улам жекече токтоло албасам да, ар бириңиздердин Мекенибизге сиңирген эмгегиңиздерди жакшы билебиз жана жогору баалайбыз.
Элибизде “Эл – тараза, эл – сынчы” деген улуу кеп бар. Сыйлык ээлери тууралуу тиешелүү Жарлык чыккандан бери интернет желесинде сиздердин дарегиңиздерге, кылган кызматыңыздарга карата элдин ак тилектери, ыраазычылыктары бүгүнкү күнгө чейин токтобой айтылып келе жатат. Мунун өзү сиздердин эмгегиңиздерге карата коомчулуктун эң башкы баасы, элдин назары.
Урматтуу мекендештер!
Мен сиздерди, айрыкча өсүп келе жаткан жаштарыбызды бүгүнкү сыйлык ээлеринин басып өткөн даңктуу жолунан үлгү алууга чакырам.
Баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ушул эл сыймыктары нар көтөргүс салым кошкон мамлекетибиздин пайдубалын чыңдап, Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге басалы! Биримдигибиз бекем болсо, алдыга койгон улуу максаттарга сөзсүз жетебиз!
Урматтуу сыйлык ээлери!
Кылым карыткан кыргыз элине ак кызмат кылууда кажыбас кайрат каалайм.
Жүрөгүбүздө Мекенибизге болгон сыймыктануу сезими түбөлүк жашай берсин!
Жараткан Сиздерге күч-кубат берсин, ар дайым элдин төрүндө, көчтүн башында, мамлекеттин көңүл борборунда болуп, аман жүрүңүздөр.
Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик жогорку сыйлыгыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!
Ишиңиздерде дайым ийгиликтер болсун!”



