Сөз баккан кыргыз элинде “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар. Арабыздан эрте кетип, бирок артына өчпөс из калтырган залкарларыбыздын кылган кызматы, сиңирген эмгеги али күнчө элдин эсинде. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде билдирди.
Өлкө башчысы дин илими менен агартуучулукту эң сонун айкалыштырган, калың элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Чубак ажы Жалиловго, ырдын пири атыккан Рыспай Абдыкадыровго эң жогорку мамлекеттик сыйлык ыйгаруу тууралуу кабыл алынган чечимдин негизинде алардын жакындарына сыйлыктарын тапшырылып жатканын белгиледи.
“Бүгүн алардын жакындарына сыйлыктарын тапшырабыз. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө, ал эми жасаган эмгектери кыргыз тарыхына алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды”, – деди Президент.



