Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Бишкекте кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Бишкектеги «Ынтымак Ордо» имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү. Иш-чарага Евразия тобунун эксперттери, комиссия мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө улуттук системаны өз ара баалоонун үчүнчү айлампасы бул багыттагы иштерди өркүндөтүүдө маанилүү этап экенин жана Кыргызстан объективдүү баа берүүгө, сунуштарды кабыл алууга ачык экенин билдирди. Ал коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкарууну чыңдоо саясаттын башкы артыкчылыгы бойдон кала берерин белгиледи. Соңку жылдары кылмыш-жаза мыйзамдары жаңыланып, виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу укуктук база түзүлгөн.

Мамлекеттик башкарууну, салык жана бажы тармактарын санариптештирүү көмүскө экономиканы кыскартууга жана бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түздү. Натыйжада, 2025-жылы Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1%ды түзүп, ИДП көлөмү 2 триллион сомго жакындаган. Салык жыйноо 2021-жылдагы 106 миллиард сомдон 2025-жылы 308 миллиард сомго чейин дээрлик үч эсеге, ал эми бажы түшүүлөрү 47 миллиард сомдон 157 миллиард сомго чейин өскөн.

Ошондой эле жыйында өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа бекитилгени жана 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияда санариптик технологиялар алып келген жаңы чакырыктар эске алынары айтылды. Жыйындын жүрүшүндө Евразия тобунун баалоо миссиясынын программасы, үчүнчү айлампага даярдыктар, тобокелдиктерди башкаруу, бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды камсыздоо жана иштебеген юридикалык жактарды жоюу маселелери кеңири талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар