Башкы беткеЭкономика"Кыргызалтын" менен "AzerGold" тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

“Кыргызалтын” менен “AzerGold” тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

“Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов “AzerGold” ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйынынын алкагында кол коюлган кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу маселелери каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тоо-кен өнөр жайында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу, ошондой эле геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелерине басым жасалды.
Кубат Абдраимов акыркы беш жылда тоо-кен тармагы Кыргызстандын экономикасынын жетекчи секторуна айланганын белгилеп, өнөктөштөргө компаниядагы акыркы өзгөрүүлөр, туунду ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ал «Кыргызалтын» эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, “AzerGold” менен кызматташуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.
Өз кезегинде Закир Ибрагимов эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын саясий эргинин аркасында Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда достук мамилелер бекемделип жатканын, бул эки тараптуу экономикалык жана тоо-кен өнөр жайындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөрүн баса белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар