Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды

Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды

Бишкекте 15–18-сентябрь күндөрү Казак медицинасынын күндөрү өтүп жатат. Анын алкагында Казакстандын тажрыйбалуу дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен биргелешип иштеп, медицинанын бир катар багыттары боюнча тажрыйба бөлүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык төрт күнгө созулган иш-чарага Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышууда.

Адистер Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде лекция жана мастер-класстарды өткөрүп, клиникалык учурларды талкуулашат. Ошондой эле бейтаптарга консультация берип, айрым операцияларды кыргызстандык дарыгерлер менен биргеликте жасашат.

Иш-чаралар академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында уюштурулат.

Казак медицинасынын күндөрү эки өлкөнүн дарыгерлеринин түз байланыш түзүп, практикалык тажрыйба алмашуусуна жана медициналык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар