Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын экономикасы сегиз айда 11 пайызга өстү

Кыргызстандын экономикасы сегиз айда 11 пайызга өстү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь–август айларында 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү. Бул тууралуу 14-сентябрда Министрлер Кабинетинин жыйынында төрага Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, сегиз айда негизги капиталга инвестициялар 61,2 пайызга, курулуш тармагы 61 пайызга, өнөр жай 8,8 пайызга, айыл чарбасы 6,4 пайызга өскөн.

Касымалиев экономикалык өсүштүн көлөмү менен катар анын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүүсү жана калктын жашоо деңгээлине тийгизген таасири маанилүү экенин белгиледи. Ал мамлекеттик органдарга көрсөткүчтөрдү талдап, артта калган багыттар боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Жыйында мындан тышкары 2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун алдын алуу, аныктоо жана дарылоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мамлекеттик программа жактырылды.

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов сунуштаган документтин негизги максаты — бөйрөк ооруларын эрте аныктоо, алдын алуу жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу.

Министрлер Кабинетинин төрагасы мамлекет үчүн ооруну гемодиализ стадиясына жеткенден кийин дарылоодон көрө, аны эрте аныктап, алдын алуу маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле жыйында 2025–2030-жылдарга аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага өзгөртүүлөр киргизилди. Документ аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар