Башкы беткеМинистрлер кабинетиАялдардын көкүрөк рагын аныктоо үчүн 12 маммограф алынат

Аялдардын көкүрөк рагын аныктоо үчүн 12 маммограф алынат

Кыргызстанда эмчектин залалдуу шишигин аныктоо үчүн 12 маммограф сатып алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Анын белгилөөсүндө, медициналык аппараттар Дүйнөлүк банктын каражатына алынат. Маммографтар өлкөнүн ар бир облус борборуна жайгаштырылат.

Мындан тышкары Ош шаарында онкологиялык борбор куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагында нур терапиясы бөлүмүн куруу пландалууда.

Мамадалиевдин маалыматына караганда, учурда өлкө боюнча 32 ири медициналык мекеме курулуп жатат.

Мындан тышкары, 1960–1970-жылдары курулган ооруканалардын ордуна райондук борборлордо жаңы медициналык мекемелерди куруу боюнча долбоорлор даярдалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар