Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.
Лицей 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды.
Билим берүү мекемесинде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчалары бар. Окуучулар үчүн билим алуу, спорт жана чыгармачылык менен алектенүүгө бардык шарттар түзүлгөн.
Адылбек Касымалиев лицейдин мугалимдери жана окуучулары менен жолугуп, сапаттуу билим берүүдө мугалимдин эмгеги жана күчтүү билим берүү чөйрөсү маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле лицейди бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумушка орношууда артыкчылык берилерин айтты.



