Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында курулуп жаткан кыш заводунун курулуш аянтында топурактын сапаты текшерилди.
Ишти Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө топурактын тыгыздыгын аныктоо жана лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык касиеттери бааланып, анын белгиленген талаптарга шайкештиги аныкталат.



